www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык Асел Сартбаева Британиядан беделдүү сыйлык алды

Кыргызстандык окумуштуу Асел Сартбаева беделдүү FDM Everywoman in technology академиялык сыйлыгына татыды. Бул туурасында Everywoman уюмунун сайтына жарыяланды.

Аталган уюм илим, технология, инженерия жана математика менен алектенген көрүнүктүү аялдарга жыл сайын наам ыйгарат. Быйыл калыстар тобу Сартбаеваны "Жылдын мыкты айымы" номинациясынын жеңүүчүсү деп тапты. Кыргызстандыктын новатордук эмгеги технология тармагында карьера жасаган аялдарды шыктандырып, үлгү болгону белгиленген.

"Анын иштеп чыккан технологиясы сыйлыкка татыды. Бул вакцинаны жеткирүү жана сактоо алда канча жөнөкөйлөтүлгөнүнөн кабар берет. Ал технология тармагында революция жасаган феноменалдуу аял", - деп жазган уюм.

Асел Сартбаева Бат университетинин химия боюнча профессору жана Улуу Британиянын Королдук илимий коомчулугунун мүчөсү болуп иштейт. Ал вакциналарды ар кандай температурада сактоонун коопсуздугун камсыздоо жаатында новатордук изилдөө менен алектенет.

Буга чейин Сартбаева курамына кирген Улуу Британиянын окумуштуулары жылуу температурада чектөөсүз сактоого шарт түзгөн кургак учуктун белок компонентиндеги вакцинасы үчүн таңгактын жаңы түрүн иштеп чыгышкан.

Учурда ал Кембридж жана Оксфорд университеттеринде эмгектенет. 2019-жылы "Вакциналар: кансыз согуштун аякташы" деген эмгеги үчүн Англияда Хансон атындагы медаль алган. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости