www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Орусиянын Кемерово облусуна караштуу Ленинск-Кузнецкий шаарында бокс боюнча кыргызстандык машыктыруучу Болот Атакулов өзүнө келбей ооруканада каза болду. 25 жаштагы Болот шаардагы барлардын биринде бирөө менен мушташа кетип катуу жаракат алган. Бул тууралуу «Газета Кемерово» басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү кармалып, анын үстүнөн кылмыш иши козголгон.

«Ал өзүнө келген, бирок организми көтөрө албай калды. Учурда маркумдун достору анын сөөгүн Кыргызстанга жиберүү үчүн акча чогулта башташты. Кузбасста спортчунун студент карындашы эле калды. Ал чыгымдарды жалгыз өзү көтөрө албайт», -деп жазылат маалыматта.

Болот Атакулов Кузбасстын, Сибирдин чемпиону болгон, Орусиянын, Сибирдин жана Кузбасстын кубокторунун ээси, Орусиянын биринчилигин да жеңүүчүсү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости