www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊеште кесиптик бирликтердин укуктары менен ыйгарым укуктарын кайрадан ыраатташтырууга багытталган “Кесиптик бирликтер жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат. Жыйынга мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, кесиптик бирликтердин өкүлдөрү катышууда. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар тобу.

Тармактык комитеттин төрагасынын орун басары Алмазбек Токторов “Кесиптик бирликтер жөнүндө” мыйзам мында жыйырма жыл мурда кабыл алынгандыктан, азыркы учурдун талаптарына толук жооп бербей калганын баса белгиледи. “Кесиптик бирликтер өзүнүн тарыхы бар, коомчулук турмушунда ээлеген орду бар коомдук уюмдардын бири болуп саналат. Ошондон улам, жаӊы мыйзам долбоору иштелип чыгып, кесиптик бирликтердин укуктары менен ыйгарым укуктары кыйла такталып берилди”, - деди ал.

Баяндамачы кесиптик бирликтеринин иш-аракетин талдоо жыйынтыгы көптөгөн көйгөйлөрдүн бар экендигин көрсөткөнүн, кесиптик бирликтердин иш-аракетинде бирдиктүү саясат болбой жатканын айтты. “Кесиптик бирликтердин борбордук бирикмеси тармактык жана аймактык бирликтер менен ырааттуу иш жүргүзбөйт, бирликтер менен алардын мүчөлөрүнүн кабыл алынган чечимдер үчүн жоопкерчилиги жок”, - деп кошумчалады Алмазбек Токторов.

Жумуш берүүчүлөр менен кызматкерлердин ортосунда социалдык пикир алышуу начарлап баратканы белгиленди. Мындай абал коомдогу туруктуулукка терс таасирин тийгизүүдө. Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда кесиптик бирликтин уставына карата милдеттүү талаптарды (кесиптик бирликтин уюштуруу түзүмү менен түзүлүү тартиби, мүчөлүк уюм катары катышуусунун тартиби д.у.с.) бекемдөө, алардын укуктарын конкреттештирүү жолдору сунушталууда.

Мыйзам долбоорун кабыл алуунун жыйынтыгында төмөнкүдөй укуктук жана социалдык-экономикалык натыйжалар күтүлөт:

- кесиптик бирликтер жөнүндө мыйзамдарды өркүндөтүүнүн камсыз кылынышы;

- кызматкерлердин эмгектик жана социалдык-экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын билдирүүдө жана коргоодо кесиптик бирликтердин иш-аракетинин натыйжалуулугунун жогорулашы;

- кесиптик бирликтик кыймылдын биримдигинин камсыз болушу, социалдык өнөктөштүктүн бардык деӊгээлдеринде социалдык диалогдун өнүгүшү,  сүйлөшүүлөр дараметинин жогорулашы;

- макулдашуулардын, жамааттык келишимдердин алкагында кесиптик бирликтер кабыл алган милдеттенмелердин аткарылышына мониторинг жүргүзүү системасынын киргизилиши.

Жогорку Кеӊеште “Кесиптик бирликтер жөнүндө” мыйзам долбоорун талкуулоо жол-жоболору улантылууда, деп билдирди Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости