www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоонун дүбүртү алыстан угулгансыйт, бирок эл өкүлү элди түндүк, түштүк деп бөлбөй өз жардамын өтөлгөлөп келаткандардын бири Төрөбай Зулпукаров. “Зулпукар” - деп курч кылычты айтабыз, балдар үчүн Зулпукаровдун тапшырган белеги зулпукардан өйдө болду. Жакында  Аламүдүн районунун Арчалы айылында 70 орундук заманбап бала бакча пайдаланууга берилди. Бул бала бакча бюджеттен бир дагы сом албай, Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровдун демилгеси менен курулган.

 Борбор калаанын босогосунда эле жайгашкан Арчалы айылында өмүрү бала бакча болуп көрбөптүр. Ошондон улам да айыл тургундары үчүн бала бакчанын ачылышы болуп көрбөгөндөй чоң кубаныч болду. Бала бакчаны ачуу салтанатына Жогорку Кеңештин депутаттары, ардагерлер, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Район боюнча быйылкы жылы эле 6 мектеп, 3 бала бакча курулган. Ал эми айрыкча жаш үй-бүлөлөрдүн талабын канааттандыра турган бул бала бакчанын курулушун өзгөчө белгилеп кетүүгө арзыйт. Дагы бир айта кете турган жери, бардык талаптарга жооп берген бала бакчанын курулушуна демөөчүлүк кылган ишкерлерге, эл депутатына айылдын ардагерлеринин ыраазычылыгы чексиз. Ал эми энелердин тилеги мына ушундай ынтымак менен тынчтыкка чакырган иштер көп болсо деген тилек болду.

Байтик айыл өкмөтүнүн аймагында ушул эле күнү дагы бир кубанычтуу окуя болду. Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын «Ассанабил» кайрымдуулук фондусу Байгелди айылында мектеп, мечит жана ФАП салып берүү милдетин алууда. Ошентип Байгелди айылындагы мектептин курулушунун башталышын белгилеп, Жогорку Кеңештин депутаттары, «Ассанабил» фондунун жетекчилери, ардагерлер менен бирге иш башы кылып, жакшы тилек-ниеттер менен капсула салышты.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости