www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хабаровскийдеги орус улутундагы 18 жаштагы жанкечтинин огунан Кыргызстандык мекендешибиз Талант Жумаев дагы оор жаракат алды.

Талант Жумаев Иркутский шаарында мигранттарга юридикалык жардам берип, ал жакта иштеп жүрөт. Мындан тышкары соттук процесстерде котормочу катары кызмат кылат.

Ал, кечээ Хабаровскийдеги ФСБга котормочу катары чакырылган. Ал, кирип барган маалда 18 жаштагы улутчул жанкечти ФСБнын имаратына кол салып, автомат менен орус улутундагы ФСБ кызматкерин жана тажик жаранын, кыргызстандык Талант Жумаевди аткан. Берки экөөнү кайталап атып өлтүрүп, жерде жаткан Талант Жумаевге дагы жыйынтыктоочу ок чыгараарда ФСБнын кызматкерлери жанкечтини атып жок кылышкан.

Бактыга жараша мекендешибиз Талант Жумаев аман калган. Учурда ооруканада дарыланып жатат. Абалы туруктуу. Жакындары менен байланыштым.

Дайыр Орунбековдун Фейсбук баракчасынан алынды: 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости