www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандыктар Жаңы жылдан кийин 9 күн эс алат

Министрлер кабинети Жаңы жыл майрамынан кийин жумушчу күндөрдү жылдыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, кыргызстандыктар жаңы жылдан кийин тогуз күн эс алышат. Тагыраагы, жумасына беш күндүк график менен иштегендер үчүн 2022-жылдын 1-9-январы жумушчу күн эмес деп жарыяланды.

"2022-жылдын 15-январындагы дем алыш күнү 4-январдагы иш күнгө (тийиштүү түрдө 15-январь 4-январдын ордуна иш күнү болуп саналат), 26-февралдагы дем алыш күнү 5-январдагы жумуш күнгө, 26-марттагы дем алыш күн 6-январдагы жумуш күнүнө жылдырылды", — деп айтылат маалыматта.

Өкмөттүн маалымат кызматы май айында да кыргызстандыктар 9 күн катары менен эс ала турганын билдирди.

"1, 5 жана 9-май да майрам күнү болуп саналат, ал эми Орозо айт майрамы май айынын биринчи күндөрүнө туура келгендигине байланыштуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан 1-майдан 9-майга чейинки мезгилди жумуш күнү эмес катары жарыялоо сунушу киргизилди. 2022-жылы майрамдардын көптүгүнө байланыштуу министрлер кабинетинде 23-февраль, 7-апрель, 7 жана 8-ноябрдын макамын кайрадан карап чыгуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгуу маселеси да каралууда", — деп айтылат билдирмеде.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей, май майрамдарын жылдыруу тууралуу акыркы чечим 2022-жылдын I кварталында кабыл алынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости