www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баардык шайлоо округдарында акыркы жыйынтыктар чыгууда. №21 Талас шайлоо округундагы бир топ мыйзам бузуулар боюнча арыздар жазылган. Азыр тергөө иштери уланып жаткан кез. Көз көрүнөө мыйзам бузгандар, добушун саткандар ачык эле мурдагыдай уланды. Бирок сабак ала турган жазалар жокко эсе болду.

-- Бир топ мыйзам бузуулар катталган №21 шайлоо округу боюнча иштер кандай болуп жатат? Жалпы бир мандаттуу шайлоо округдарындагы шайлоолор боюнча кандай пикириң бар?

-- Азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Тергөө мыйзам бузуучулукту тапса, сотко берилет. Жалпы жонунан шайлоо тууралуу, анын ичинен Талас округуна токтоло кетсем, мен эң негизги үч ыплас ишти байкадым. Биринчиси, биз Бакыт Чойбековдун шайлоо фондун карасак, “шайлоо фондунда 50 үгүтчү алды” деп жазылып турат. Айылайылды сураштырсак, кеминде эле ондун тегерегинде үгүтчү алганы айтылууда.

Ошондо жалпы 500 үгүтчү. Ошонун мейли 50сү расмий болсо, калган 450сү тийешелүү келишимдер түзүлбөсө, патент албаса, “мыйзамсыз добуш сатып алуу” деп эсептесе болот. Бул боюнча арыздар да жазылган. Экинчиси, шайлоо участокторунда адамдар үймөлөктөп, топ-топ болуп өзүнүн талапкерине мыйзамсыз үгүт кылганы айтылып жатат. Эң негизгиси, мыйзамсыз үгүтчүлөр менен добуш сатып алуу, экинчиден, шайлоо күнү акылга сыйбаган иштерин кылуу, үчүнчүдөн, элдин башын айландырган куру убадалар таңгалдырды.

“Добуш берсеңер, мен спорт залыңарды оңдоп коём, жол салып берем” дешет. Ушул депутаттын ишиби? Негизи эле жалпы жонунан алганда, бизде мыйзамда мүчүлүштүктөр бар. Мисалы, мыйзам боюнча “500 үгүтчүнү расмий алганга болот” деп жазып койгон. Бул өтө көп. Бул “мыйзамдуу добуш сатып алууга жол ачуу” деген сөз. Мен өзүм жалгыз бир айдын ичинде көпчүлүк үйлөрдү үймө-үй кыдырып чыктым.

Менин оюмча, толук 50 үгүтчү алса жетиштүү болот. Үгүтчү үгүт материал тараткандан башка эмне иш аткарат? Ошондуктан, биз мыйзамды өзгөртүп, мындай каталарды оңдошубуз шарт. Экинчиден, укук коргоо органдары дагы шайлоо маалындагы калпыс иш-аракеттерге бөгөт коё алышкан жок. Тартипти сактоо менен алек болушту. “Таза шайлоо өткөрөбүз” дегенде мыйзамсыз үгүтчүлөрдү, массалык шайлоочуларды ташып келген жоруктардын баарын аныктаса болмок. Биз талапкер башыбыз менен канча деген видеолорду, арыздарды жазып жаттык. Эч кандай реакция болгон жок. Менин оюмча, башка дагы бир мандаттуу округдарда бул окуялар албетте кайталанды.

-- Үгүтчүлөрдү мыйзамсыз алуу – бул добуш сатып алуу дегенди эле түшүндүрөт эмеспи?

-- Албетте, ошондой. Дагы бир баса белгилей кетчү жагдай, көп кандидаттар өздөрүнүн факты жүзүндө короткон акчаларын расмий фонддор менен кетирген жок деп эсептейм.

Көбү эле кеминде он миллионго жакын акча кетирди, бул боюнча айтылып жатат. Шайлоо фондун карасаң, 2 миллион сомдун эле тегерегинде. Ушул иштерди укук коргоо органдары тыкыр көзөмөлдөп, ошолорго бөгөт коюп, мыйзам талаасына алып келгенде гана акыйкат тандоо болот.

Ага чейин эч качан таза шайлоо өтпөсүнө көзүм жетти. Дагы бир жагдай, көптөгөн ушундай мыйзамсыз чараларга мурунку талапкерлердин жазаланбаганы. Мисалы, 3 миңге жакын талапкер болсо, ошонун бир-экөө эле жазаланып жатат.

Бул өтө аз. Эгерде массалык түрдө мыйзамсыз аракеттерге барган адамдар жазаланса, ошондо гана таза шайлоо өтөт. Ошондуктан мыйзамсыз аракеттерге барган талапкерлерди жоопко тартуу зарыл. Мандатын алып коюш керек. Жоопкерчилик тартканда гана элге дагы, талапкерлерге да сабак болот.

Булак: Азия News гезити

Последние новости