www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Кореянын Чунгджу шаарында 1-2-сентябрда өткөн уруш өнөрлөрүнүн дүйнөлүк оюндарында Кыргызстандын Алыш күрөшү боюнча курама командасы 2 алтын, 2 күмүш жана 2 коло медалга ээ болуп, командалык эсепте биринчи орунду багындырды.

Мадаминбек Шаршеналы уулу менен Нагира Сарбашова биринчи орунду багындырса, Камолиддин Абдурахимов менен Нурзат Бактыяр кызы күмүш медаль тагынышты. Ал эми Элдияр Сексенбаев жана Элзада Момунжанова үчүнчү орунду камсыздап, коло медалга ээ болушту.

Бул оюндарга жалпысынан 30 өлкөдөн 120 спортчу катышкан. Ошонун ичинен биринчиликке жетүү биздин өлкө үчүн өтө чоң сыймык! Спортчуларыбызга дем берип, колдоо болсо гана алар намыстуу жеңиштерди тартуулашат эмеспи. Андыктан Алыш күрөшү федерациясынын балбандарына, машыктыруучуларына, аларга шарт түзүп, камкордук кылган жетекчилерине өкмөт тарабынан тиешелүү деңгээлде колдоо керек. Алыш күрөшүн эл аралык деңгээлге чыгарууга зор салым кошкон мурдагы вице-премьер-министр, экс-депутат Чолпон Султанбековага, Баяман уулу Адилетке, Алыш күрөшү боюнча Улуттук федерациянын президенти Акылбек Эшимовго, анын орун басары Рустамбек уулу Советбекке жана машыктыруучуларына ыраазычылык билдиребиз!

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости