www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жакшынын шарапаты, жамандын кесепети» деген кеп бар. Анын сыңары атасы Курсан Асановдун мурдагы президент А. Атамбаев менен жең ичинен сүйлөшүп алган макулдашуусунун айынан эми анын уулу Мухаммед-Али Курсанов да кылмышка шектүү болууда.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 7-8-августунда мурдагы президенттин Кой-Таштагы хансарайында ИИМдин ошол кездеги орун басары болуп турган Курсан Асанов бир пакетти мыйзамсыз жол менен Атамбаевдин адамдарына өткөрүп бергени билинген.

Тактап айтсак, ал пакет адегенде АШАнын жансакчысынын колунда болсо, бир убакта К. Асановдун колунда болуп, андан кийин анын шоопуру Пайзылда уулу Дамирбектин колуна өтүп, андан кийин анын колунан Мухаммед-Али Асановго берилип, ал аркылуу Атамбаевдин адамдарына өткөрүлгөн экен. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Ошентип 27-августта К. Асановго Кылмыш кодексинин 43-беренесинин 2-бөлүгү, 320-берененин 2-бөлүгүндө каралган кылмышка шектүү болуп жатканы маалымдалган. Ошол эле күнү анын уулу М. Асановго да кылмышка чогуу катышкан деген шек жаралып, сыртынан камакка алуу чечими чыгып, издөө жарыяланды.

Ага чейин 23-августта К. Асановдун шоопуру Пайзылда уулу Дамирбек Атамбаевдин тарапташтарынын иши боюнча маанилүү негиздер болуп бере турган документтерди жана башка буюмдарды мыйзамсыз өткөрүп берүү боюнча шектелип кармалып, кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Ошентип Курсан Асановдун кесепети менен аны шоопуру жана уулу да кылмышка аралашып алышканы билинди. Жамандын кесепети деген ушул да, - дейт "КабарИнфо" гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости