www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын мамлекеттик карызынын (сырткы жана ички) көлөмү 4 миллиард 824,01 миллион долларга жетти. Муну улуттук валюта менен эсептегенде 270 миллиард 268,71 миллион сомду түзөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.

Карыздар боюнча соңку маалымат үстүбүздөгү жылдын 30-июлуна карата такталган.

Чет өлкөдөн алынган каражат мамлекеттик насыянын 86,4 пайызын түзүп, башкача айтканда, 4 миллиард 169,6 миллион долларга (320 миллиард 039,21 миллион сом) жеткен.

Ал эми ички карыздын суммасы 13,6 пайызын ээлеп, 654,41 миллион доллар (50 миллиард 229,51 миллион сом) болгон.

Ошондой эле 2020-жылдын январь-август айларында республикалык бюджеттен тышкы карызды төлөөгө 8 миллиард 852,1 миллион сом, ички карызга 11 миллиард 118,3 миллион сом бөлүнгөн.

Ал ортодо Финансы министрлиги январдан август айына чейин мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан республикалык бюджетке 6,3 миллиард сом киреше түшүргөнүн кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости