www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Zoom аркылуу лекция окуп жаткан мугалим каза болду

Аргентинадагы Де ла Эмпрес университетинин мугалими студенттерге онлайн-лекция окуп жаткан жеринен каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү Clarin басылмасына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Окуя өткөн шаршемби күнү болду. 46 жаштагы Паола де Симоне аттуу мугалим Zoom аркылуу лекция окуп жатып, деми кысыла баштаган. Көп өтпөй эле эс-учун жоготуп, андан соң каза болуп калган.

Маалыматка караганда, окутуучу кыйнала баштаганда студенттер Тез жардам кызматын чакырууга аракет кылышкан, бирок мугалим үйүнүн дарегин айта албай койгон.

Макалада Паола де Симоне август айынын аягында Twitter баракчасына бир айдан бери өзүнөн коронавирустун белгилерин байкап жүргөнүн жазган.

Аргентинада карантин 20-сентябрга чейин улантылат. Учурда өлкөдө 471 806 адамга вирус жуккан. Алардын ичинен 9 739 бейтап каза болгон.

Булак:  NazarNews.kg

Последние новости