www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги Москва шаарынын Химки районундагы белгисиз адамдар менен болгон чыр-чатактын натыйжасында жаракат алган кыргызстандык төрт киши боюнча маалымат таратты.

Россиядагы телеканалдардын бири Москвада 180дей мигрант ортосунда массалык мушташ болгонун көрсөткөн. РЕН-ТВнин маалыматында 11-июлда Химкиде тажик мигранттары эки кыргызстандыкты бычактаганы айтылган. Мындан улам тирешүү башталып, шаардагы "Кузьминка" метростанциясында массалык мушташ болгон.

"Учурда РФтин тиешелүү компетенттүү органдары тарабынан күнөөлүүлөрдү аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Элчилик Кыргызстан жарандарына туруктуу негизде юридикалык жана консулдук жардам көрсөтүп жатат. Эске сала кетүүчү жагдай, социалдык тармактарда таратылып жаткан улуттар аралык негиздеги чыр-чатактын келип чыгуусу жөнүндө маалыматтар чындыкка дал келбейт", — деп айтылган билдирүүдө.

Мындан улам элчилик кыргызстандыктарды чагымчылдыкка алдырбоого, сабырдуу болууга жана Россиянын мыйзамдарын бузбоого чакырган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости