www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2021-жылдын 29-октябрында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Эрлан Абдылдаевдин Германия Федеративдүү Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа, Түштүк Кавказ жана Борбордук Азия боюнча Ыйгарым укуктуу өкүлү Маттиас Люттенберг менен болгон жолугушуусу болду. Бул тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Маалымат Департаменти билдирди.
Кыргызстан менен Германиянын ортосунда ар кандай чөйрөлөрдө кызматташуу жана 2022-жылы эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулганынын 30 жылдыгын майрамдоо алкагында биргелешкен иш-чараларды жана сапарларды уюштуруу маселелери талкууланды.
2021-жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында “Европалык Биримдик – Борбордук Азия” Биринчи экономикалык форумун өткөрүү жана анда германия тарабынын катышуусу тууралуу талкууланды. Ошондой эле Германия Федеративдүү Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин “Жашыл Борбордук Азия” демилгесинин алкагында кызматташуу жана ушул жылдын ноябрь айында эки өлкөнүн Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда консультацияларын уюштуруу тууралуу сөз болду.
Кыргыз Республикасынын Элчиси Э.Абдылдаев 2021-жылдын 28-ноябрында боло турган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо, өлкөбүздө коронавирус пандемия боюнча абал жана аны менен күрөшүү боюнча жасалып жаткан иш-аракеттер тууралуу маалымат берди.
Булак: NazarNews.kg