www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Милициянын отставкадагы генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаков Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 97 жылдык маарекеси менен ички иштер органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин куттуктады!
Төмөндө куттуктоонун тексти толугу менен:
Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ардагерлери!
Сиздерди Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 97 жылдык маарекеси менен чын жүрөктөн куттуктайм.
Кыргыз жергесинде биринчи жолу, 1924-жылдын 1-ноябрында —Кара Кыргыз автономиялык облусу түзүлгөн жана аймактык чегарасы такталып, коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча ички иштер элдик комиссариаты болуп уюшулган.
Ушул күндөн тартып Кыргыз милициясы үзүрлүү жана даңктуу жолду басып өттү.
Алгачкы жылдары контрреволюциячыл тап душмандар менен күрөш жүргүзсө, Улуу Ата мекендик согуш жылдарында фашисттик баскынчылардын мизин кайтаруучулардын алдыңкы катарында болушкан. Кыргыз милициясы Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында оор сыноолорду башынан өткөрдү. Кан майданга кыргыз милициясынын жеке курамынын дээрлик үчтөн бир бөлүгү кеткен, алардын көпчүлүгү согуштан кайтпай калышты. 1,5 миңге жакын милиционер фронтто жана оорукта душмандарга каршы күрөшүп, мамлекеттик сыйлыктарга татыктуу болушкан. Согуш жылдары кыргыз милициясы мамлекеттик жана коомдук менчикти натыйжалуу коргогон. Согуштан кийинки, криминогендик кырдаал татаал болгон жылдары да милиция көп сандаган каармандыкты жаратты.
Кыргыз милициясынын катарындагы фронтовиктер, Советтер Союзунун Баатырлары Калыйнур Үсөнбеков, Иван Немцев, Пётр Сидоров кызмат өтөгөн. Алардын басып өткөн жолу азыркы муунга бийик үлгү болуп, абийирдүүлүккө жана эрдикке шыктандырып турат. Бүгүн, Кыргыз милициясынын калыптанышына зор салымын кошкон ардагерлердин ысымдарын терең урматтоо менен эскеребиз.
Милициянын даңктуу тарыхында Эргеш Алиев, Афанасий Пчёлкин, Николай Москов, Жапар Шабиров, Владимир Ушаков сыяктуу атактуу инсандардын аты алтын тамгалар менен жазылып калды.
Эгемендикке ээ болгон алгачкы жылдары Кыргыз милициясы эл аралык уюшулган трансулуттук кылмыштуу топтор менен күрөшүүгө туш болду. Адам уурдоо, барымтага алуу, буйрутма адам өлтүрүү, баңгизатын мыйзамсыз айландыруу, ок атуучу курал жана жардыруучу заттар менен мыйзамсыз соода кылуу көбөйгөн.
Рейдерлик, менчикти тартып алуу, ишкерлерди тоноо сыяктуу —жеке ишкердикке кедергисин тийгизген кылмыштар күч алган.Айлап маяна албаса да, Кыргыз милициясы өзүнүн кызматтык милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып, мезгил сынагынан өтө алышты. Айтканга оңой болгону менен 97 жыл ичинде бул кесиптин ээлери канчалаган сөөк сыздаткан күндөрдү, уйкусуз түндөрдү башынан өткөрүштү.Азыркы өкүм сүргөн тынч заманды камсыз кылуу үчүн канчалаган милиция кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда баатырларча курман болушту. Алардын ысымдары тарыхта алтын тамгалар менен жазылып, ар дайым мекендештеринин жүрөгүндө сакталып келет. Урматтуу ички иштер органдарынын кызматкерлери!
Сиздерди жеке өзүмдүн жана үй бүлөмдүн атынан кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Ар дайым элдин кызматында катарыңыздар кемибей, коомдук коопсуздукту камсыздап, элге тынчтык тартуулап жүрө беришиңиздерге тилектешмин. Ырыскылуу үй бүлөңүздөр менен бактылуу өмүр сүрүп, жараткандан бөөдө кырсыктардан сакташын тилеп кетемин.
Сиздерди Урматтоо менен, кесиптешиңиздер милициянын отставкадагы генерал-майору Сүйүнбек Абдылдаевич Өмүрзаков.
Булак: NazarNews.kg