www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Новосибирск шаарында полиция атышуу коштолгон массалык мушташтын уюштуруучуларын кармады. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка караганда, чыр-чатак соодагерлер менен алардан акча талап кылгандардын ортосунда чыккандыгы аныкталган. Полиция акча талап кылган кылмыштуу топтун башчысын – бир нече жолу соттолгон 31 жаштагы Новосибирск шаарынын тургунун жана анын 29 жаштагы шеригин кармаган.  

Эске салсак, 7-октябрда Орусиянын Новосибирск шаарындагы Хилок базарында 200дөй адам катышып, ок атылган окуя катталган. Окуя болгон жерге полиция жана ОМОН тартылып, жалпысы 50 киши кармалган. Мушташка Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын жарандары катышкан.

Хилок базарында массалык мушташ, атышуу болгондон кийин полиция базарларды текшере баштаган. Полиция менен кошо рейдге Росгвардиянын атайын бөлүмдөрү да кошо чыккан.

ИИМдин Новосибирск облусу боюнча Башкы башкармалыгын маалыматы боюнча, жалпысынан 195 чет өлкөлүк текшерилип, анын 30у полиция бөлүмдөрүнө жеткирилген. Тогуз кишиге Орусиянын аймагында жүрүү режимин бузгандыгы боюнча административдик иш козголсо, 11 чет өлкөлүк атайын приемникке киргизилген. Учурда аларды депортация кылуу боюнча материалдар чогултулуп жатат.

Ал эми соттук приставдар кызматынын маалыматына караганда, өткөн суткада 15 адамды депортация кылуу боюнча чечим аткарылган. Булар Орусияда иштеп жүргөн Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары. Кылмыштуу топтун жетекчиси деп орус жарандыгын алган кыргыз жараны айтылган.

Хилок базары – жалпы Сибирдеги жашылча-жемиш сатылчу эң чоң базарлардын бири.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости