www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга Кытайдан гуманитардык жардам келди

Кытай Эл Республикасы гуманитардык жардам катары Кыргыз Республикасына медициналык каражаттарды берди. Гуманитардык жардамды кабыл алуу иш-чарасына Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь катышты. Бул туурасында өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Кытай Өкмөтү чартердик каттам менен 100 000 даана ПЧР-тест, медициналык көз айнек - 30 000, N95 бет кап - 30 000, медициналык бет кап - 150 000, термометр 1000 даана  өлкөгө жеткирип берди. 

Иш-чарада Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров Кытай Өкмөтү гуманитардык жардам гана бербестен, коронавируска каршы күрөшүүдө консультациялык жактан дагы көмөк көрсөтүп жатканын белгиледи.

«Ушул жылдын апрель айында Кыргызстанга Кытайдын медициналык эксперттик тобу келип кеткен. Алар саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерин окутуп, коронавируска каршы күрөшүү боюнча тажрыйбасы менен бөлүшүп кеткен. Берилген гуманитардык жардам жарандардын ден соолугуна алып келген коркунучтарга каршы күрөшүү чараларын күчөтүүнү шарттайт. Берилген гуманитардык жардам үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө ыраазычылык билдирем», - деди Акрам Мадумаров.

Өз кезегинде элчи Ду Дэвэнь коронавируска каршы күрөшүүгө жардам берүү максатында Кыргызстан биринчилерден болуп Кытай Эл Республикасына гуманитардык жардам бергенин белгиледи. 

Эскерте кетсек, буга чейин дагы Кытай Өкмөтү Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам катары коргоочу медициналык жабдууларды берген.

Булак: NazarNews.org

Последние новости