www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Манас" Эл аралык аэропорту 15-августта "Урал Авиалиния" авиакомпаниясынын Санкт-Петербург-Бишкек багыты боюнча чартердик каттамын тосуп алды. Кыргызстанга Россиядан 162 КР жараны кайтып келди, алардын арасында жаш балдар бар. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Каттам дүйнөдөгү коронавирус инфекциясынын пандемиясынын жайылышынан чек аралар убактылуу жабылышынан жана эл аралык жүргүнчү ташуу авиабилдирүүлөрүнүн токтошунан улам чет өлкөдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президенти жана Өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн ишке ашырылган.
Бул каттамдагы жүргүнчүлөрдүн тизмеси Санкт-Петербургда жашаган кыргызстандыктардын өз ара аракеттешүүсү боюнча түзүлгөн ыкчам штабынын алдындагы комиссия тарабынан КР жарандарынын жеке өтүнүчтөрүнүн негизинде түзүлгөн.
Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча иштер уланууда.
Булак: NazarNews.kg