www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Бурмаланган маалыматтын артындагы абийирге көө жабуунун отун калагандар качандыр кудай алдында жооп бересиңер". Мындай кайрылууну Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкова Инстаграм баракчасы аркылуу жолдоду:

“Акыл-эсти дарылабай туруп, ооруган дене-бойду айыктыруу кыйын. (Сократ) Бурмаланган маалыматтын артындагы абийирге көө жабуунун отун калагандар качандыр кудай алдында жооп бересиңер… Менин энелерге урмат-сый болсун, этектен башка аңгеме болсун дегеним үчүн,карандай калптын казанын кайнатканга, ширеңке чаккычтардын жамандыка жакын коңуздардын, ууланган тилдеринен каралоого машыккан отуруктун чий көбүгүн сапырганга машыккандардын уу тилдериндеги каргыш аккан жан дүйнөсүн тааныганымдан бери , тобоо ушулар дүйнөнү агартуучулар болсо атаңарга да, жотоңорго да жол болсун дедим. Ал мени итсиң деди, ооба дедим теңелбедим… Эмне кылам эрегишип мен анын ИТ экенин билип туруп… Антсе да менин айтайын дегеним башкада, кудайга шүгүр, ушул күндөрү туш тараптан менин жазыксыз сынган абалымды баам салып, четте карап турбастан, жаны таза, көңүлү көлдөй аруу, ак пейил жандар акыйкаттын тамырын, көзүн, кырын билгендер мага жылуу пикирлериңизди билгизип, кабатырланып жаттыңыздар. Эл тамырын эзелтеден акылман элибиз гана көгөртүп жашоонун ажарын суудай тазартып келет! Миңдеген Мекендештериме башымды ийип чексиз ыраазылыгымды билдиремин. Жети өлчөп бир кестим, эссиздер менен ырбатып, чуу салып жүргөндү көздөгөндөр, азыр да табаалап бойлору узара түшкөндөй, бул бирди көргөнү калыптыр дегенге чейин үндөрүн бийик-бийик чыгарып кечээки бүлөө бузгучтардан бери, бүбү патима болгонун кантейин, өз башыңдан бери келбесин, туура айттың бирди көргөнсүң ырас, тоодой азаматтын башын жуткансың, кудай сага дагы көргөзсүн … Оронуп алып орундуу сүйлөмүш болгон орсогой сен да бирди көрөрүң бардыр, тынч жүр, фейсбук, ютуб каналдарыңдан жылтыңдап сур жыландын башы чыгып сайрап атканың көрүп атамын… Жооп кайтарууга шашылбадым, башкысы амандык берсин жараткан, жамандыкты кечинен берсин элим аман, жерибиз тынч болсо баарын бир гана улуу Жараткан теңдеп койот. Жалпыңыздарга ак, кара дебей берекелүү бакубат өмүр тилеймин!” - деп жазган Саламат Садыкова.

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Акыл-эсти дарылабай туруп, ооруган дене-бойду айыктыруу кыйын. (Сократ)Бурмаланган маалыматтын артындагы абийирге коо жабуунун отун калагандарга качандыр кудай алдында жооп бересинер.. Менин энелерге урмат сый болсун,этектен башка ангеме болсун дегеним учун,карандай калптын казанын кайнатканга, ширенке чаккычтардын жамандыка жакын конуздардын, ууланган тилдеринен каралоого машыккан отуруктун чий кобугун сапырганга машыккандардын уу тилдериндеги каргыш аккан жан дуйносун тааныганымдан бери , тобоо ушулар дуйнону агартуучулар болсо атанарга да жотонорго да жол болсун дедим.Ал мени итсин деди,ооба дедим тенелбедим.. Эмне кылам эрегишип мен анын ИТ экенин билип туруп.. Антсе да менин айтайын дегеним башкада,кудайга шугур,ушул кундору туш Тараптан менин жазыксыз сынган абалымды баам салып, четте карап турбастан,жаны таза конулу колдой аруу ,ак пейил жандар акыйкаттын тамырын,козун,кырын билгендер мени жылуу пикирлеринизди билгизип, кабатырланып жаттыныздар. Эл тамырын эзелтеден акылман элибиз гана когортуп жашоонун ажарын суудай тазартып келет! Миндеген Мекендештериме башымды ийип чексиз ыраазылыгымда билдиремин🙏 Жети олчоп бир кестим,эссиздер менен ырбатып,чуу салып жургонду коздогондор,азыр да табаалап бойлору узара тушкондой,бул бирди коргону калыптыр дегенге чейин ундорун бийик бийик чыгарып кечээки булоо бузгучтардан бери, бубу патима болгонун кантейин,оз башындан бери келбесин,туура айттын бирди коргонсун ырас,тоодой азаматтын башын жуткансын, кудай сага дагы коргозсун ...Оронуп алып орундуу суйломуш болгон орсогой сен да бирди корорун бардыр тынч жур,фейсбук ютубе каналдарындан жылтындап сур жылаандын башы чыгып сайрап атканын коруп атамын...жооп кайтаруга шашылбадым,башкысы амандык берсин жараткан,жамандыкты кечинен берсин элим аман жерибиз тынч болсо баарын бир гана улуу Жараткан тендеп койот🙏Жалпыныздарга ак кара дебей берекелуу бакубат омур тилеймин🙏

Публикация от Salamat Sadykova (@salamatsadykova)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости