www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кырк чоро” кыймылынын лидери Руслан Адылов Жалал-Абад облусунун Сузак районунда эркек киши аялынын моюнуна дөңгөлөктөрдү байлап алып, башына чакалап муздак суу куюп, сабаган окуяга өз пикирин билдирди. Бул тууралуу ал социалдык тармагындагы баракчасына жазган.
Ал аялдарга карата зомбулук көрсөтүү эч бир динде да, салтта да жок экенин белгилеген.
“Кыргызымдын эркектери! Койгула анчалыкка барбайлы! Аял бул үстүнө суу куя турчу балык эмес, дөңгөлөк жүктөй турчу багаж эмес, уруп тепкилегидей кийиз эмес.
Эл көзүнө алып чыгып аялын жазалоо, эч бир динде же болбосо салтта жок. Ары жоктук көрүнүш!
Аял бул-энебиз, кызыбыз, карындашыбыз, өмүрлүк жарыбыз.
Аял укугун тебелөөнү эрдик катары көрбөйлү! Азыр муштум заман эмес, өкүнүп калыш бир замат. Тил табышып жашаганды үйрөнөлү, туугандар!” – деп жазган Руслан Адылов.
Эске сала кетсек, кордук көрсөттү делген кишинин 2020-жылдын 13-июнь күнү баш коргоо чарасы каралып, Сузак райондук сотунун тергөө судьясы тарабынан 15 күндүк мөөнөткө камоо чарасы тандалган. Белгилей кетүүчү жагдай жабырлануучу күйөөсүн кечиргендигин билдирип тосмо арыз жазган. Анын тосмо арызы жолдошун жоопкерчиликтен куткарабы деген сурообузга Жалал-Абад ОИИББи аны сот чече турганын маалымдап, учурда тергөө жүрүп жатканын билдирди.
Булак: NazarNews.kg