www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Кыялбек Мукашев Кыргызстан менен Кытайдын чек ара бекеттеринен күнүгө 30-35 гана автоунаа өткөрүлүп жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал 12-июлда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып айтып, себебин мындайча түшүндүрдү:

“Кытай менен сүйлөшүүдө алар Кыргызстанда калктын 70% эмделиши (ред: коронавируска каршы) керек деген маселени коюп атышат”.

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында негизги кыймыл “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө бекеттеринде болот.

Эске салсак, кечээ, 11-июлда Кыргызстанга Кытайдан 1,2 миллион доза Sinopharm вакцинасы келди. Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов июль айынын аягына чейин дагы 1,2 миллион доза Кытайдан вакцина келерин кабарлады.

29-мартта башталган коронавируска каршы эмдөөдөн өлкө боюнча 130 миңге чукул киши өттү. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости