www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар эл менен кошо автобуска түшсө уялып кете турган уялчаак депутатыбыз бар. Учурда ал контейнери менен бир энени о дүйнөгө узатыптыр дешип, аны таш бараңга алабыз, үйүн өрттөйбүз дегендер көп. Биз укуктук мамлекетпиз, ошондуктан жоопту сот берер, алар «Шректен» акча алып эле туура эмес жыйынтык чыгарып коюшпаса. Кызы депутаттыка талапкер го элдин камын ойлонуп жүрүшөт деген жалган сөздөрдү, убаданы берип уят деген нерсе жок буларда. Камчыбек Жолдошбаевдин жашаган үйүн короо жайын көрсөңөр. Короосу үйү өзүнчө эле бир хан сарай, анан адам болсо кичине мээримдүү жүрөгү болсо ушул бирөөнүн эшигинин алдына килейген темир контейнерин кантип койду, эшигин тосуп бул депутаттар жалаң өздөрүнүн кызыкчылыгы үчүн жан талашып иштеп жеп ичип коррупционер болуп көнгөн да. Мыйзам алдында жооп берсин жеп ичкендерин казып, жоопко тартыш керек. Ушул депутаттар эле жашап калган карапайым элди бир жактан кул кылып айдап келгендей мамиле жасашат. “Уялам депутаттардын жөө жүргөндөрүнө” - деп кайсыл бети менен айтты эл үчүн иштеген киши эл менен кошо автобустарга, маршруткага түшүп элди аралап иштейт. Мамлекетти тоноп өздөрүнө заңгыраган хан сарайларды салып, бизнестерин коргошуп жан талашышпай, мамлекетти ушул абалга жеткирген депутаттар кудайга койдук жыйып терген мал-мүлктөрүнө кошулуп көмүлүшсүн.

Мүлкүн бүт конфискация кылыш керек. Хан сарайын 2 га жердеги салынган квартирада жүргөн кедейлерге алып бериш керек. Бул Шрек бир апаны өлтүрдү контейнерге кыпчып. Аны ошол контейнерине камаш керек, укук коргочуга кошуналары арыз жазышсын, мейли алар кылмыш иштерин козгошсун. Байлыктарын мамлекетке же кедей жесир кембагалдарга таратып бериш керек. Бул депутатты таш бараңга алган да аздык кылат! Ташбараңга алуу бул элдин чечими менен болот. Илгери зөөкүр адам чыкса эл ташбараңга алып коюшчу экен.

Камчыбек Жолдошбаев качан жакшы сөз сүйлөөчү эле. Жасаган коммерциялык иштери да орой одоно бузуу менен келе жатат өмүр боюу. Анда санда ит капкансып, чоочуп тура калат да түшүндө көргөндөрүн эл алдына жая салат. Кытайда болсо мындай жиндилерден эбак арылмак. Мындай вирустарды тез арада талкалаш керек. Үй бүлөөсү менен өйдө карабай турган кылыш керек. Дароо камап салыш керектиги элдин талабы. Адам өмүрүн кыйды. Эл журт, ушул акмакты ташбараңга алалы деген сунуштарды көтөрүп жатат, бул депутаттын айбандыгынан бир адам каза болду! Бул адам эмес айбандан да жаман иш кылды, ташбараң аздык кылат. Муну эки контейнердин ортосуна тирүүлөй кыйнаш керекпи, кудай жазасын берсин, терисин сыйрыш керек.

«Чимкирик депутаттар» өз аттарын тирүү кезинде көчөлөргө койдура баштаган. Айтылуу уялчак Камчыбек Жолдошбаев сыяктуу ачуулуу депутат, бул буржуй жакында эле өзү туулган Ат-Башы районундагы Кызыл-Туу айылынын бир көчөсүнө атын койдуруптур. Буларга мыйзам жокпу. Эгемендүүлүктү жаңы алганда дагы бир депутат Турдакун Усубалиев өз атын “Теңдик” совхозуна койдурган. Бирок колхоз-совхоздор тарап кетип аты түбөлүккө калбай калды. Мейли Усубалиев жыйырма беш жыл эл башкарды, эмгеги бардыр, ал эми Жолдошбаев кайсы эмгеги үчүн өзүнүн атын тирүү кезинде көчөгө койдуруп жатат? Мурун көзү өтүп кеткен татыктуу адамдардын атын коюша турган, эми Жолдошбаев акча берип, көчөнүн атын сатып алып жатат окшойт. Бирок, Жолдошбаевдин “чимкирик депутаттар” арасында авторитети бар. Анын оюу боюнча, депутаттар элден бийик турушу керек. Ошол үчүн эл түшкөн автобустарга түшпөй, элдин салыгынан чогулуп депутаттарга ыйгарылган кызматтык “иномаркалар” менен гана жүрүп турушу керек. Депутаттардын эл түшкөн автобустарга түшүп турганы уят анын оюнча. Ойлоп көрсөк депутаттарды эл,электорат шайлайт,эмне үчүн эл менен кошо депутаттардын жүргөнү уят. Көп мамлекеттерде депутаттарды койолу премьер-министрлер велосипед минип алып эле жүрүшөт. Лесипедчен өкмөт башчыларын көргөн эл аларга кантип жамандык кылышсын, тескерисинче эл менен кошо жүргөн өкмөт башчыларына сүйүнөт.

Жогорку Кеңеште кабинеттери бир четинен оңдолуп, «чимкириктер» орун ала баштаганда, президент Жээнбековдун кабинетине балпайып барып Талант Мамытов отуруптур. Ал эми мурунку спикер Дастан Жумабековдун кабинетине көпөс Камчыбек Жолдошбаев көчүп барды дешет. Көрсө ал Жогорку Кеңештин ремонтуна миллион сом берип бул кабингетти сатып алган дешет. Ошон үчүн өзү да чоң, сөзү да өтүмдүү болуп, калгандары «койчу эми, аны менен эсептешип болбойт. Чыр неме, былжытмага тийишпей эле коёлу, билген намазын окусун. Ансыз да биздин кетээрибизге аз убакыт калды» дешип тынчышкан окшойт. Бирок ал буга тойбой өз атын көчөгө тирүү кезинде койдуруп жатканы таң калычтуу.

Бишкек шаарындагы “Таксим” кафесин иштеткен, түрк ишкери Али Ифлазоглу жергиликтүү басылмалардын бирине депутат Камчыбек Жолдошбаевдин адамдары өмүрүнө коркунуч жаратып жаткандарын айтып кайрылган. Анын айтымында ага ар түрдүү адамдар телефон чалып, өлтүрүп кетебиз деп коркутууда. “Мен 10 жыл мурда Октябрь кинотеатрынын жанында жайгашкан, “Балтика” деген кафенин ордун ижарага алгам. Айына ижарага 20 миң сомдон төлөп келем. Бирок эч кандай дүмүрчөк беришпейт. 2017-жылы кафени кеңейтейин деп, жердин ээсине кайрылгам. “Бишкек башкы архитектурасынан” муниципалдык жерди ижарага кошуп алыш керек болчу. Жердин ээси Чынара Султанбекованын атасы Эрнис менден 70 миң доллар алып, документтерди бүтүрөм, сен сала бер деп айткан. Мен акчаны берип, курулушту баштагам. 2018-жылы Бишкек мэриясынын кызматкерлери келип, мыйзамсыз курулуш кылыптырсың деп, кафенин жаңы эле кеңейтилип салынган бөлүгүн түрттүрүп салышты. Мен Эрниске барсам эч кандай документтерди бүтүрбөптүр. Мен сенден эч кандай акча алган эмесмин деп койду”, - дейт Али Ифлазоглу.

Түрк ишкеринин айтымында ага азыр ар түрдүү коркутуп-үркүтүүлөр болууда. А түгүл өмүрүнө кол салуу болуп, мыйзамдан корпогон адамдар ишкерди травматикалык тапан менен атып кетишкенин айтат. “Бир машина келип токтоп, ичинен бир нече албурлуу жигиттер түштү. Кафе жөнүндө сүйлөшүү керек деп, коркута баштап, бутума травматикалык тапанча менен атып жиберди. Мен түркиядагы туугандарым сарсанаа болбосун деп, эч кимге айтканым жок. Ал адамдардын арасында Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин дагы балдары бар болчу. Себеби ал “Таксим” кафесин сүздүрүп, бул жерге бизнес борбор салгысы келип жатат. Мен кафени салуу үчүн Түркиядан ири суммадагы насыя алгам. Дагы эки жыл төлөшүм керек. Ошондуктан айлам кетип жатат дейт”, - түрк ишкери. Али Ифлазоглунун айткандары канчалык деңгээлде чындыкка дал келет азырынча белгисиз. Бирок, мындай ушак айыңдарга эл өкүлү Камчыбек Жолдошбаевдин да үн катпай келгени ар түрдүү ойлорго кептейт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости