www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Эл Республикасы жакында эле Кыргызстанга берген коронавируска каршы вакцинаны алгандан кийин Тышкы иштер министрлигинин кызматкери көз жумду делген такталбаган маалымат эки өлкөнүн достугуна көлөкө түшүрүүдө. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти.

Элчилик Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы өкүлү Елена Баялинованын Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтияр Шакиров коронавируска каршы кытай вакцинасын алгандан кийин көз жумушу мүмкүн делген маалыматына көңүл бурган.

"Кыргызстандын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги бул маалыматты расмий төгүндөп, Бахтияр Шакиров эмделбегенин жарыялады. Дипломаттын каза болушуна кытай вакцинасынын тиешеси жок. Бирок кайсы бир тараптар такталбаган маалыматты соцтармакка жарыялап, Кыргызстандын коомчулугунда негативдүү таасир жаратты. Мындай аракеттер Кытай менен Кыргызстандын достук мамилесине көлөкө түшүрөт. Кытай тарап ушул сыяктуу жоопкерчиликсиз кылык-жорукту кескин сындайт", - деп айтылат маалыматта.

Элчилик Кытай Эл Республикасы биринчилерден болуп COVID-19га каршы вакцина чыгарганын, аны 80 мамлекетке гуманитардык жардам катары берип, дагы 47 өлкөгө экспорттогонун белгилеген.

"Дүйнөнүн 70тен ашык мамлекети кытай вакцинасын колдонууга уруксатын берди. Препараттын коопсуздугу жана эффективдүүлүгү эл аралык коомчулук тарабынан таанылган", - дешти элчиликтен.

Эске салсак, кечээ ТИМ Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакировдун дүйнөдөн мезгилсиз кайтканын билдирген. Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы өкүлү Елена Баялинова Шакиров Кыргызстанга Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасын алгачкы болуп алгандардын бири экенин айтып чыккан эле.

Ал эми Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова маркумдун аты эмделгендердин тизмесинде жок экенин билдирген. Министрлик Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун адистери сөөктү карап чыккан учурда эмдөөдө сайылчу ийненин изин таппаганын, акыркы жыйынтык 14 күндүн ичинде белгилүү болорун маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg



 



 

Последние новости