www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Кыргызстанга 54 млн$ грант берет

Кытай Эл Республикасынын жетекчилиги Сиань шаарындагы кытай-кыргыз сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасына азык түлүк жана грант түрүндөгү жардам берет деп билдирди кечээ, 31-майда президенттин маалымат кызматы.

Ошентип, кытай тарап азык түлүк түрүндөгү жардам катары 40 миң тонна ун, 20 миң тонна кумшекер, 20 миң тонна өсүмдүк майын жана 350 миллион юань (54 млн$) грант берет, бул биздин өлкөдө ишке ашырыла турган инфраструктуралык пландардын долбоорлоруна өбөк болмокчу.

Ошону менен бирге Кытай Эл Республикасынын алдындагы Кыргыз Республикасынын тышкы карызынын мөөнөтүнүн узаргандыгы үчүн эч кандай кошумча төлөм албайт. Кыргыз Республикасына келген кытай адистеринин пандемия учурунда убактылуу кеткендери кайра Кыргыз Республикасына кайтып келитшип гранттык долбоорлорду ишке ашырууну улантышат.

«Кыргыз тарап Кытай Эл Республикасынын жетекчилиги тарабынан көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык билдирет. Кыргыз Республикасы эки тараптуу мамиленин динамикалык өнүгүүсүнө жана стратегиялык өнөктөштүктүн кызыкчылыктарынын чыңдалышына кызыкдар», - деп айтылат билдирүүдө.

Андан сырткары, сүйлөшүүнүн алкагында Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам катары кайтарымсыз түрдө кытай вакцинасынын экчи партиясына 150 миң доза берет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости