www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орхан Инандыны уурдатып жибергенибиз кантип болсун. Биз Африканын Сомали өлкөсүндө жашап жатабызбы? Мындай пикирди активист Медербек Саидов социалдык баракчасына жазып чыкты.
--“Кыргызстан эгемендүүлүгүнү алган күндөн баштап эле, алгачкы билим берүүнүн даражасын көтөрүү жардамын дал ошол мезгилдеги "Sebat" азыркы "Сапат" билим берүү мекемеси болгон. Канчалаган улан кыздарыбыз Сапат аркылуу дүйнөнү билим жаатында таанытты. Сапаттуу билим алууга көптөгөн мекендештерибиз мүмкүнчүлүк алышты. Сапаттын дүйнөлүк аренада аброю чоң, дүйнөлүк үлкөн олимпиадаларда алгачкы баскычтарды ушул билим берүү мекемеси тейлейт.
Албетте Сапат өзүнөнөн өзү жалгыз түптөлүп калган жок, ушундай чоң дэнгээлге жеткизген инсан Орхан Инанды байкебиз болот. Бул кишинин салымы билим берүү жаатында өтө чоң.
Эми мына минтип ОРХАН ИНАНДЫНЫ уурдаттып жибергенибиз кантип болсун. Эмне болгон өлкөдө жашап жатабыз. Кезинде Атамбаев, Жээнбеков дагы жол берген эмес болчу. Эмне биз Африканын Сомали өлкөсүндө жашап жатабызбы. Кыргызстан демократиянын жолун жолдогон эркин мүнөздө ой жүгүрткөн өлкө. Бийлик тез аранын ичинде реакция жасоо керек”, - дейт ал.
Булак: NazarNews.kg