www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровго таластыктар бир нече күн мурун кайрылуу жазган. Кайрылууда Талас облусундагы көйгөйлөр тууралуу токтолуп, Бабановду таш бараңга ала турганын жазылган.
Кайрылуу кыскартылып берилет:
...Эгерде тез арда Бакыт Нарбековду кызматтан албасаңыз, анда Биз Талас облусу боюнча Айкөл Ала-Тоо коомунун мүчөлөрү жана апрель баатырлары Жерүй алтын кени боюнча баардык ачуу чындыкты жалпы Кыргызстандын эл-журтуна ачык билдиребиз. Алтын - Альянсты түптөгөн чыккынчыларды кууп чыгып, эң биринчи орунга адам баласын эмес, акчаны койгон Өмүрбек Бабановду таш бараңга алабыз.
Анткени, Жерүй алтын кениндеги карапайым Элдин балдарын ар кандай шылтоолор менен жумуштан бошоткон. Алардын ордуна жалаң гана милиция органдарынан пенсияга чыгышкан өзүнүн адамдарын кабыл алып жатышат. Алар мамлекеттен пенсия, Жерүйдөн буйруган айлык-маяна алып жашагысы келсе, карапайым Элдин балдары ачкадан өлүш керекби?
Жерүйдү Өмүрбек Бабановдун башкаруусуна жол бербейбиз ага тикеден-тике каршы турабыз. Бийлик, жер-суулар, кен байлыктар жалпы кыргыз элиники экенин өзүңүз эң жакшы билесиз!
Бизге жалпы Талас элинин аманчылыгы керек. Жерүй алтын кенин өзүбүз көзөмөлдөйбүз.
Ушундай жетеленме кадрлар менен Өлкөнү кантип өнүктүрөсүз? Эл тараза, Эл сынчы, Эл чечсин! Эл менен эсептешпесеңиз болбойт! Элдин үнүн угуңуз Урматтуу Президент!
Жерүй Эл үчүн, мамлекет үчүн, Талас Элинин келечеги үчүн иштеши керек! Талас Эли толкуса, Кыргызстан толкуйт, деп жазылып элдин атынан Талас облусунун Айкөл Ала-Тоо коомунун төрагасы Анарбек Рыскулбеков, Айкөл Ала-Тоо коомунун төрагасы Талас району боюнча координатору,айылдык кеңштин депутаты, апрель баатыры Теңдик Избасаров, Айкөл Ала-Тоо коомунун Талас району боюнча координатору, айылдык кеңштин депутаты, Куттубек Батырбеков, Айкөл Ала-Тоо коомунун Бакай-Ата району боюнча координатору, айылдык кеңштин депутаты, Баратбай Мадалиев, Апрель баатыры Бакай-Ата району боюнча координатору,айылдык кеңштин депутаты, Насирдин Чолпонкулов, Апрель баатыры Бакай-Ата району боюнча корупцияга каршы коомунун мүчөсү Солдатбек Нарбаев, Апрель баатыры Бакай-Ата району боюнча коррупцияга каршы коомунун мүчөсү Жамалбек Чоткараев, Кара-Буура району боюнча коррупцияга каршы Элдик көзөмөл юристи Каныбек Айтмамбетов кол коюшкан.
Эске сала кетсек, президентке Кайрылуу кат 21-майда жазылган. Баса, Кайрылууда элди бөлүп-жарган сөздөр дагы жок эмес, бир нече мүнөттөрдөн кийин окурмандарга жарыялайбыз.
Булак: NazarNews.kg