www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Кытайда суу ташкыны 12 адамдын өмүрүн алды

Кытайдын Хэнань провинциясына караштуу Чжэнчжоу шаарындагы суу ташкыны кеминде 12 кишинин өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу кытай мамлекеттик “Синьхуа” агенттиги билдирди.

Кытайда суу ташкыны 12 адамдын өмүрүн алды

Үч суткадан бери тынбаган жаан 10 миллион калкы бар шаардын метро станциясын каптап, көчөлөр дарыяга айланды. “Синьхуа” 100 миңден ашуун киши коопсуз жайга көчүрүлгөнүн маалымдады.

Соцтармактарда жарыяланган видеолордо автоунаалардын, таштандылардын көчөлөрдө агып баратканын көрүүгө болот. Метронун жүргүнчүлөрү суу чөккөн вагондордун ичинде камалып калышкан. Метродо тартылган видеожазууларда кишилердин өлгөнүн да көрүүгө болот.

Алдын ала маалыматтар боюнча катуу жаан 21-июлга чейин уланат. Чжэнчжоудогу сел менен күрөшүү башкармалыгы билдиргендей, мындай нөшөр 100 жылда бир жолу кайталанат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости