www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Олимпиада оюндарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желегин курама команданын мүчөсү Каныкей Кубанычбекова көтөрүп чыга турган болду. Буга чейин Олимпиада оюндарынын ачылышында өлкө желегин мырзалар көтөрүп чыккан.

Демек, Каныкей Кубанычбекова — Олимпиада оюндарында Кыргызстандын желегин көтөрө туган алгачкы айым.

Буга чейин Кыргызстандын желегин кимдер көтөрүп чыккан?

Атлантада (1996-жыл) — Сергей Ашихмин (сууда сүзүү);

Сиднейде (2000-жыл) — Раатбек Санатбаев (грек-рим күрөшү);

Афинада (2004-жыл) — Митал Шарипов (оор атлетика);

Пекинде (2008-жыл) — Талант Жанагулов (дзюдо) ачылыш аземде, Базар Базаргуруев (эркин күрөш) жабылыш аземде көтөрүп чыккан;

Лондондо (2012-жыл) — Чыңгыз Мамедов (дзюдо) ачылыш аземде, Бекзат Осмоналиев (оор атлетика) жабылыш аземде көтөрүп чыккан;

Риодо (2016-жыл) — Эркин Адылбек уулу (бокс).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости