www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдагы селден каза болгондордун саны 300дөн ашты

Кытайдын Хэнань провинциясында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон селден каза болгондордун саны 302ге жетти. Анын ичинен 292си  Чженчжоу шаарынын жашоочулары. Бул тууралуу “Синьхуа” агенттигинен билдиришкен.

Билдирүүгө ылайык, штат боюнча суу ташкындарынан каза болгондордун жалпы саны 99дан 302ге көбөйүп, ал эми дайынсыз жоголгон 50 кишинин изделип жатканы айтылат.

Эске салсак, 17-июлдан бери Хэнанда үзгүлтүксүз болгон нөшөрлүү жамгыр 20-июлда суу ташкынын пайда кылган. Чженчжоуда метрону суу каптап, 14 адам каза болгон.

Булак: NazarNews.kg


 

 

 

 

Последние новости