www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын басылмасы жарыялаган «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсүнүн билдирүүсү боюнча УКМК билдирүү таратты.

Белгилей кетсек, 25-майда «russkie.org» сайтына «Донбасска болгон гуманитардык жардам бардык улуттарды бириктирди» деген макала жарыяланган.

Анда «Бүтүн Кыргызстан» партиясы Донбасстагы жашоочуларга гуманитардык жардам жеткиргени тууралуу айтылган. Ведомство белгилегендей, аталган партиянын активдүү мүчөсү Динара Чолпонова: «Жөнөкөй адамдар: «Путин Кыргызстанды өзүнө, Орусияга алса болмок» деп айтып жатышат.

Анткени Орусиянын президенти өз элине кам көрүп жатат. Ал эми Орусияда орустар эле эмес, сибирлик кыргыздар, якуттар, буряттар жана башка көптөгөн эл тынч жашап жатышат. Анткени бул жер алардын үйү», - деген.

УКМК мындай өңүттөгү билдирүү Кыргызстандын бийлигинин расмий позициясына жана бүтүндөй Кыргызстандын элинин пикирине каршы келе турганын белгилейт.

«Көз карандысыздык бир партиянын менчиги эмес. Ал бүтүндөй кыргыз элинин жетишкендиги болот.

УКМК айрым саясий партиялардын жана уюмдардын мүчөлөрүн өлкөнүн Конституциясына зыян келтире турган чагымчыл билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырат», - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин «Бүтүн Кыргызстан» партиясы Донбасска гуманитардык жардам жөнөткөнү айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости