www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Бүтүн Кыргызстан» партиясы Донбасска гуманитардык жардам жөнөткөнү айтылды. Бул тууралуу russkie.org сайты жазды.
«Донбасстын тургундары үчүн гуманитардык жардам чогултуу боюнча иш-чаралар барган сайын масштабдуу жана көп улуттуу болуп баратат. Кечээ күнү «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын активисттери «Москва – Донбасс» эл аралык ыктыярчылар тобунун кампасына 10 тонна тамак-аш жана ичүүчү суу жеткиришти», - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Кыргызстандагы «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров.
Ал эми бул боюнча жарандык активист Атай Бейшенбек өзүнүн Facebook баракчасына төмөнкүдөй пикирин калтырган:
«Урматтуу Адахан Кимсанбаевич! Элге түшүнүктүү болушу үчүн төмөнкү маалымат боюнча расмий «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын позициясын ачыктап коюңузду өтүнөм!
25-май күнү, russkie.org сайтына «Гуманитарная помощь Донбассу объединила разные нации» деген макала чыгып, ал жерде сиздердин партия Донбасска гуманитардык жардам көрсөткөнү тууралуу жазып, партиянын активисти маалымат бериптир, үзүндүсүн чагылдырайын;
Активист партии «Бутун Кыргызстан» Динара Чолпонова: А простые люди говорят: пусть бы Путин взял нас – Киргизию – к себе, в Россию. Потому что российский президент заботится о своём народе. А в России ведь живут не только русские, но и те же сибирские киргизы, якуты, буряты и множество других народностей – и все живут мирно, потому что это их дом.
Эмне себептен мындай позицияны чагылдырып жатасыздар, расмий бийлик нейтралдуулукту, Кыргызстандыктар эгемендүүлүктү бааларына, ал позицияны бекем карманаарына, туу тутаарына шек жокко!
Эгер саясий партиянын позициясы болсо, жалпы элди аралаштырбай саясатыңарды жүргүзө бергиле, мындай чыккынчылыкка жол бербейбиз!», - деп жазган активист.
Эске салсак, буга чейин Президент Садыр Жапаров Украинадагы кырдаалда бей тарап көз карашты карманаарын айткан. Ал эми Тышкы иштер министрлиги согуш жүрүп жаткан Украинага жарандарды барбоого чакырган. Буга кошо, министрлик, Украинага деп чогултулган жардамдан жеке кызыкчылыктарын пайдаланып кеткен учурлар болгонун эскерткен.
Булак: NazarNews.kg