www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лавров: «Орусия Украинага кол салган жок»

Орусия Украинага кол салган жок, Киевдин НАТО менен кылмыштуу байланышын токтотуунун башка жолу жок болгондуктан, атайын операция жарыяланып, башталды. Бул тууралуу Орнусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Би-би-сиге берген интервьюсунда билдирди.

«Биз Украинага басып кирген жокпуз. Батышка анын криминалдык иштерге аралашканын, Украина НАТОго аралашканын, неонацисттик режимди коргоп, демөөрчүлүк кылып, тарбиялап жатканын түшүндүрүүгө мүмкүнчүлүк болбой калганда гана атайын аскердик операция жарыяладык», - деди ал.

Министр, ошондой эле, Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин 2021-жылдын сентябрындагы "Эгерде Украинада кимдир-бирөө өзүн орусиялык сезсе, Орусияга барсын» деген сөзүн эске салды. «Биз эч кимге кол салган жокпуз. Алар Украинадагы орустарга кол салышкан», - деди Лавров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости