www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттары мугалимдерди мазактоо, бейбаштык, сыйлабастык үчүн ата-энелерге айып салуу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Мугалимдерди кемсинткени үчүн ата-энелерге жана балдардын өздөрүнө айып пул салуу боюнча Кылмыш кодексине өзгөртүүлөр киргизилүүдө.

Депутат Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбооруна 63 депутат "макул", 10 депутат "каршы" добуш берди.

Мыйзам долбоорунун чоо-жайы азырынча белгисиз. Документ кийинки окууларда депутаттардын макулдугунан өтүп, андан соң президент аны бекитиши керек.

Өткөн айдын аягында бул мыйзам долбоорун парламенттин үч депутаты сунуштаган. Үч айдын ичинде кандай өзгөртүүлөр киргизилгени азырынча белгисиз, бирок мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Мирлан Самойкожо май айынын аягында 12-16 жаштагы окуучулар мугалимдерди кемсинтип, сыйлабастык көрсөтсө, алардын ата-энеси же камкорчулары айып пул төлөй турганын билдирген. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости