www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү экономист Алымбек Биялинов 16-июнда кезектеги макаласын жарыялап, мындан 4 күн мурда, 13-июнда, өкмөт үйүнүн алдына каршылык митингине чыккандар менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кантип сүйлөшкөнүн жазыптыр. Жапаровдун жанында турган Салык кызматынын жетекчиси митингчилерди жеп жибере тургандай караса, Акылбек Жапаров аларга өтө сылык мамиле кылган.

Ал гана эмес, өкмөткө каршы чыккандардын кээ бир сунуштары менен Жапаров макул болуп, айрым учурларда касса орноткондун ордуна патенттин баасын көбөйтүүгө көнгөнү – Конфуцийдин осуяттарына төп келет дейт Биялинов. Эгер кайсы бир максатка жете албай жатсаңыз, максатты эмес, аракеттерди өзгөртүш керек.

Сыртынан караганда, экономист бийликтеги адамды мактап жатат. Бирок чындыгында аналитик Алымбек Биялинов – башка бир дагы бийлик адамы мындан ары эл менен жолукканда орой же менменсинип сүйлөшпөстөн, эми Акылбек Жапаровдун мисалынан ылдый түшпөш керек деген чек коюп жатат.

Последние новости