www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батыш Украинанын согуштук күчүн бекемдеп алуу үчүн убакыттан пайдаланып калууга аракеттенип жатат. Бул тууралуу РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров брифингде айтты.
"Менин баамымда, алар (Батыш – ред.) чатакты убактылуу тоңдуруп коюп, убакыттан утуп, анын ичинде Украинаны кайрадан курал-жаракка толтуруу аракетинде", — деген Лавров.
Анын айтымына караганда, Батыш өлкөлөрү Украинада жаңы инфраструктураны түзүп, Киевге "жаңы өлүмдөрдү жараткан, узак аралыкка учуучу куралдарды" берүү ниетинде. Буга чейин АКШнын Украинага 500 миллион доллар суммасындагы курал-жарак боюнча жаңы жардамдын пакетин карай турганы белгилүү болгон. Көмөк көрсөтө турган жаңы пакетте 30 БМП Bradley, 25 Stryker БТРи бар.
Булак: NazarNews.kg