www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Евробиримдиктин Орусиянын кирешесин чектөө үчүн айрым кемелерди «көмүскө флот» деп таануусун кооптуу кадам деп атады.
Лавровдун айтымында, Батыш өлкөлөрү орусиялык кемелерди басып алууга аракет кылса, Москва жооп катары кайсы кемелерди бутага аларын өзү чечет.
Ал Орусиянын жооп чаралары «каракчылык жана бандитизм» деп баалаган өлкөлөрдүн кызыкчылыгын тейлеген кемелерге багытталышы мүмкүн экенин билдирди.
Буга чейин Орусиянын президенти Владимир Путин да Батыштын орусиялык кемелерди басып алуу аракеттерине жооп берилерин эскерткен.