www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониянын Хиросима шаарында өткөн G7 саммитинде кабыл алынган чечимдер Россия менен Кытайды эки эселеп чектөөгө багытталган. Бул тууралуу РФ ТИМ жетекчиси Сергей Лавровдун айтканын РИА Новости жазды. 

Лавров "Чоң жетиликтин" мамлекеттери Россияны геосаясий атаандаш катары өз алдынча болууга, дүйнөдө өз ордун ээлөөгө багыт алган мамлекеттерди да кантип жок кылуу боюнча маселени ачык коюп жатканын айтты.

"Азыр Хиросимада, G7 саммитинде талкууланып, кабыл алынып жаткан жана Россия менен Кытайга эки эсе бут тосуп, тоскоол кылууга багытталган чечимдерин карасаңар", — деди Лавров.

"Чоң жетиликтин" саммити 19-майда Япониянын Хиросима аймагында башталган, ал 21-майда аяктайт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости