www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лейлек РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан эки жигиттин денесиндеги жарааттарынын оордук деңгээлин аныктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, сырттан кароо жүргүзүү учурунда алардын көзүндө көгөргөн жаракаттары жана денелеринде сыйрылган жарааттары бар экендиги аныкталган.

Эки жигиттин айтымында, 24-апрелге караган күнү болжол менен саат 01:30 бет кап кийген 5 адам келип, денелерине жараат келтирип, 90 метр алыстыкта жайгашкан суу сактагычтын имаратынын ичинде ур-токмокко алган. Андан кийин көзүн байлап, автоунаага салып Б.Гафуров шаарындагы аскер бөлүгүнө алып барышкан. «Силер там салып жаткан жер Тажик Республикасына таандык» деп урушкан. 

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин, бүгүн туштөн кийин Кулунду айыл аймагындагы чек ара постуна алып чыгып Кыргыз Республикасынын чек ара кызматкерлерине тапшырышкан.

Белгилей кетсек, Бешкенттик жигиттер бүгүн, 24-апрелге караган түнү чек арага жакын аймакта үй салып жаткан жерден дайынсыз жоголгон. Алардын биринин энеси окуя болгон жерден тартылган видеону интернетке таратып, элден, бийликтен жардам сураган. Анда жигиттердин бут кийимдери кан болуп, бирөөсүнүн кол телефону төшөгүндө калганын көрүүгө болот. Жакындары коңшу мамлекеттин жарандары жигиттерди курулушту токтотуу үчүн уурдап кетти деп божомолдошууда.

Лейлек районунун бийлиги азырынча кандайдыр бир жыйынтык чыгарууга эрте экенин, окуя иликтенгенден кийин так маалымат берилерин маалымдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости