www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Лейлек районунда жашы жете электердин коопсуздугун камсыз кылуу жана укук бузуулардын алдын алуу максатында «Антикино» аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, рейд Лейлек РИИБдин кызматкерлери жана райондук балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрү менен биргеликте жүргүзүлдү.
Иш-чаранын алкагында коомдук жайлар, соода түйүндөрү, караоке клубдар жана кафе-ресторандар текшерилди.
Текшерүүнүн жүрүшүндө 6 өспүрүм аныкталып, алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык айып пул салынды.
Иш-чаранын негизги максаты — жашы жете электерге карата кылмыштарды жана укук бузууларды алдын алуу, ошондой эле өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу.