www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясы №26 Ленин шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоого даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын календарлык планын бекиткенин БШК билдирди.
Депутаттыкка талапкерлерди каттоо 27-апрелге чейин уланат. Үгүт иш-чаралары 8-27-май аралыгында өткөрүлөт.
Шайлоочулардын тизмелери боюнча иштин календарлык планы да аныкталган:
Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринен шайлоочулардын алдын ала тизмесин түзүү жана жүктөө - 5-апрелге чейин;
шайлоочуларды тааныштыруу үчүн шайлоочулардын алдын ала тизмесин илип коюу - 11-апрелге чейин;
шайлоочулар боюнча маалыматттардагы ката же так эместиги, шайлоочулардын тизмесинде жок экендиги жөнүндө арыздарын кабыл алуу жана иштеп чыгуу - 11-апрелден 17-майга чейин (кошкондо);
шайлоочуларды тааныштыруу үчүн алардын контролдук тизмесин илип коюу - 8-майга чейин;
шайлоочулардын акыркы тизмесин түзүү - 23-майга чейин.
Шайлоо бюллетендерин даярдоо жана шайлоо комиссияларына өткөрүп берүү 25-майга чейин бүтүшү керек.
Добуш берүүнүн өзү 28-майда саат 08:00дөн 20:00гө чейин болот. Ленин району боюнча депутатты шайлоонун жыйынтыктарын аныктоо - 11-июнга чейин деп белгиленди.