www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЛГБТ тууралуу талаштуу мыйзам бир айда күчүнө кирет

Венгриянын өкмөтү 6-августта жарыялаган токтомго ылайык, ЛГБТга каршы деген мыйзам 30 күндөн кийин күчүнө кирет.

Алгач мыйзам балдарга карата зордук-зомбулук үчүн жазаны катаалдатууга багытталган болчу. Бирок толуктоолордон кийин “гомосексуализмди пропаганда кылууга” же жашы жетелектерге жынысын алмаштырууга тыюу салуу камтылган.

Мыйзамга ылайык гомосексуализмди чагылдырган продукциялар чиркөөлөрдөн, бала бакчалардан жана мектептерден 200 метр алыстыкта сатылышы керек.

Премьер-министр Виктор Орбандын “Фидес” консервативдүү партиясы ЛГБТга каршы чаралар үй-бүлөлөрдү жана балдарды коргоого багытталганын айтып, ал сексуалдык азчылык өкүлдөрүн бута албайт деп ынандырууда.

Amnesty International укук коргоо уюму бул мыйзам эртели-кеч күчүн жоготоруна ишенерин билдирди.

Еврокомиссия мыйзамды “уят” деп сыпаттап, ал дискриминацияга жол ачат жана европалык баалуулуктарга каршы келет деген негизде Будапештти сотко берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости