www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда түшүм жыйноо өнөктүгү кызуу жүрүп жатат. Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча 365,9 миң гектар дан эгин жыйналып, жалпы түшүм 1 млн 69,8 миң тоннаны түздү.
Cуу ресурстары, айыл чарба министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл түшүмдүүлүк да жогорулады. Орточо көрсөткүч гектарына 27,6 центнерди түзүп, өткөн жылдагы 24,8 центнерден өстү.
Айрыкча буудайдан жакшы түшүм алынууда. Учурда 205,7 миң гектар буудай жыйналып, кампаларга 617,5 миң тонна түшүм түштү.
Аймактар арасында Чүй облусу 663 миң тонна дан түшүмү менен алдыда. Ош облусунда 204 миң тонна дан жыйналды.
Мындан тышкары, өлкөдө жашылча, картошка жана бакча өсүмдүктөрүн жыйноо иштери да уланууда. Бүгүнкү күнгө чейин 363,2 миң тонна жашылча, 178,5 миң тонна картошка жана 83,4 миң тонна бакча өсүмдүктөрү жыйналды.
Түшүм жыйноо иштери өлкөнүн бардык аймактарында улантылууда.