www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өлкөдө аба ырайы кескин өзгөрүп, нөшөрлүү жаан, кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирет!
20-22-сентябрь күндөрү өлкөнүн аймагында аба-ырайы кескин өзгөрүп, 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым жерлерде катуу жаашы, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
21-22-сентябрда жана 23-сентябрда түнкүсүн абанын температурасы төмөндөйт.
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10°, күндүз 12…17°;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 1…6°, күндүз 11…16°,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 7…12°, күндүз 15…20°,
Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн 1…6°, күндүз 9…14°,
Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6°, айрым жерлеринде -1…-3° үшүк жүрүшү күтүлөт, күндүз 9…14°,
республиканын тоолуу райондорунда түнкүсүн -2° сууктан…+3° чейин, күндүз 4…9°, бийик тоолордо түнкүсүн -6…-11°, күндүз -2° сууктан…+3° чейин болушу күтүлөт.
Мындай туруксуз аба-ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону, айыл чарба жумуштарын кыйындатат.
Булак: NazarNews.kg