www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бизде гана ушундай парадокс, акылга сыйбаган иштер болот. Айталы, айып пулдун 33 млн. сомдук туумун чогултуу үчүн 122 млн. сом корогон. Мындан улам, төрт жылдан бери чогулган туумдарды кечирүү тууралуу мыйзам долбоорун ИИМ сунуштады.

Айдоочуларга салынган айып пулдун туумун өндүрүш үчүн бюджеттен үч эсе көп каражат жумшалган. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде ИИМ жол эрежесин бузган айдоочулардын төлөнбөгөн айып пулдарынын туумун алып салуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. 

Депутат Эльвира Сурабалдиева "сиздер берген анализге таянсак, 2022-жылы 33 миллион сомдук туумду өндүрүш үчүн чыгым 122 миллион сом болуптур. Ошон үчүн ушул мыйзамды киргиздиңерби?" деп сурады.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов дал ушул жагдай негизги себеп болгонун белгилеп: "Негизи эле туумдарды өндүрүш өтө кыйын, мыйзам, процессуалдык жагы татаал да. Муну алып салсак бюджет дагы үнөмдөлөт, элге да жеңилдик болот", — деп билдирди. 

Эми мыйзам күчүнө кирсе төрт жылдан бери чогулган туумдар да кечирилет. Буга байланыштуу депутат Султанбай Айжигитов адилеттүү болушу үчүн мурда тууму менен төлөп койгон ак ниеттүү айдоочуларды көз жаздымда калтырбай, суммасын эсепке алып, кийин айып салынса, мурда төлөгөн айып пулдун туумуна чегерип эсептөөнү сунуштады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости