www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун Башкы ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында Ирандын президенти Сейед Эбрахим Раиси менен жолугушту. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташтыктын саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөлөрдөгү артыкчылыктуу багыттарын талкуулашкан.

Ирандын президенти эки тараптуу мамилелерди жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн эки өлкөнүн жакшы мүмкүнчүлүктөрү жана жогорку потенциалы бар экендигин белгилеген.

"Сейед Эбрахим Раиси товар жүгүртүүнүн учурдагы көлөмү төмөндүгүн белгилеп, аны көбөйтүү үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоону сунуштады. Бул контекстте ал эки тараптуу биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Өз кезегинде Жапаров бардык деңгээлдеги туруктуу саясий диалогду жана кыргыз-иран кызматташтыгын мындан ары да бекемдөөгө даярдыгын айткан. Ал эми өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын ишмердүүлүгүнүн маанилүү ролун белгилеп, анын кезектеги жыйынын ушул жылдын аягына чейин Бишкекте өткөрүүнү сунуштады.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мамлекет башчылары бири-бирин ыңгайлуу учурда өз өлкөлөрүнө иш сапар менен келүүгө чакырышканы кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости