www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЦРУнун мурдагы аналитиги Ларри Жонсон Украинанын Куралдуу күчтөрү тыштан согуштук жактан каржылоо мүмкүнчүлүгү улам азайып жаткандыктан, октябрь айында контрчабуулун токтотууга аргасыз болоорун билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ларри Жонсон: "Украинанын бул кармашка туруштук берүүсү айлап эмес, жумалап азайып бара жатат. Балким, бул үч-төрт апта менен бүтөр. Аба ырайы өзгөрүлөрү менен (ал октябрда болот) аскерлердин мобилдүүлүгү кыскарат", - деп белгилеп, Украин армиясынын июндан берки жоготуусу 77 миңге жеткенин айтты. 

Ал эми Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Украинанын Куралдуу күчтөрү койгон максаттарынын бирине да жетпегендигин белгилесе, Украинанын президенти Владимир Зеленский контрчабуул ийгиликсиз болуп калганын мойнуна алган.

Мындан улам, улам күн өткөн сайын украиналыктардын өздөрүнүн куралдуу күчтөрүнө болгон ишеними төмөндөп жатканын Berliner Morgenpost басылмасынын баяндамачысы Ян Йесен белгиледи. 

Ал өзүнүн баяндамасында: “Акыркы айлардагы оптимизм көп жерден кооптонуу коштогон жагдайларга орун бошотту. Талкууларда бир нече жолу айтылып келген кооптонуу — эгерде стабилдүү жана ачык көрүнүп турган аскердик ийгиликтер болбосо, Батыш өнөктөштөрүнүн колдоосу азаят. Жеңишке болгон үмүт өчө баштайт”, — деп жазган. 

Белгилей кетсек, Украина 4-июнда Түштүк Донецк, Артемск, Запорожье багыттарына НАТО даярдаган аскерлер менен жаңы куралдарга ишенип контрчабуулун баштаган. Бирок андан бери Украина аскерлери эч ийгиликке жетише алган эмес. Президент Владимир Путин каршылаш тарап белгиленген жыйынтыкка жете албай, ал эми контрчабуулдун жүрүшүнө Батыш кураторлорунун көңүлү сууганын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости