www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө сасык тумоо жана КРВИ 1,6 эсеге жогорулады

Кыргызстанда 17-ноябрдан 23-ноябрга чейин курч респиратордук вирустук инфекциялардын жана сасык тумоонун 13 миң 54 учуру катталды. Бул аркы жумага салыштырмалуу 1,6 эсеге көбөйгөн. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттинен билдирди.

Маалыматка ылайык, бардык оорулардын 69,4%ы 14 жашка чейинки балдар — 9055 учур. Ооруканага жаткырылгандар — 7,2% (945 учур).

Республикалык көрсөткүчтөн жогору оорунун деңгээли Бишкек, Ош, Баткен, Чүй жана Ысык-Көл облустарында катталган. Учурда эпидемиологиялык абал туруктуу, мониторинг уланууда.

Сасык тумоо мезгилинин башталышын эске алуу менен төмөнкүлөр сунушталат:

Эл көп топтолгон жерлерден (концерттерден, соода борборлорунан) алыс болуңуз. Мүмкүн болсо коомдук транспортту колдонууну азайтыңыз,

Медициналык беткаптарды кийиңиз — алар бетке бекем жайгашып, мурун менен оозду жаап, 2-3 саат сайын же ным болгондо алмаштырып туруу керек,

Эгерде биринчи белгилер пайда болсо, башкаларга жуктурбоо үчүн үйдө болуңуз жана балдарды мектепке же бала бакчага жибербеңиз,

Оорунун биринчи белгилери пайда болгондо дароо дарыгерге кайрылуу — убагында жана жашына ылайыктуу дарылоону алуу зарыл,

Балдарды дем алуу органдарынын гигиенасына үйрөтүү: жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө бир жолу колдонулуучу кагаздарды колдонууну, оозду жана мурунду алакан менен эмес, чыканак менен жабууну,

Бөлмөлөрдү үзгүлтүксүз желдетип туруу — күнүнө 3-4 жолудан кем эмес 10-15 мүнөт,

Төшөк режимин сактоо — грипп жуктурган бейтапты изоляциялоо — мүмкүн болсо, ага өзүнчө бөлмө берүү, өзүнчө идиштерди жана сүлгүлөрдү колдонуу.

Последние новости