www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдөгү жаачы, мүнүшкөр, тайганчылар күч сынашат

22-24-апрель күндөрү Ысык-Көл облусунун Тоң районунда салбурун боюнча республикалык "Тоң оюндары" мелдеши өтөт. Дене тарбия жана спорт агенттиги ага өлкөнүн бардык аймактарынан спортчулар келерин билдирди.

Мелдештин жүрүшүндө бүркүт салуу, ителги, ылаачынды далбага ойнотуу, жаа атуу, ат үстүндө жаа атуу, тайган жарыш боюнча оюндар болот.

"Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат. Мелдештин жалпы байге фонду 370 миң сом. Иш-чара Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана Кыргыз Республикасынын "Салбурун" федерациясы тарабынан уюштурулууда", — деп айтылат маалыматта.

Мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи 23-апрелде саат 11:00дө башталат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости