www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзөктүк куралга ээлик кылуу эчкандай келишимдерди бузбайт, алөлкөнүн мыйзамы менен бекитилген жана статус үчүн эмес, АКШнын саясий катсыгынан коргонуу үчүн керек. Бул туурасында Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Чхве Сон Хи билдиргенин РИА Новостижазды.

Буга чейин G7 өлкөлөрүнүн ТИМ башчылары Токиодогу жолугушуунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү тараткан. Анда Түндүк Кореянын баллистикалык ракеталарды учурганын сындап, өзөктүк куралдан “толук, текшерилген, кайталангыс” түрдө баш тартууга (денуклеаризация) үндөшкөн.

Чхве Сон Хи мындай билдирүүнү өлкөнүн ички ишине кийлигишүү жана эгемендүүлүккө доо кетирүү деп атады. Анын айтымында, G7 тобу эл аралык коомчулук эмес, АКШнын үстөмдүгүн сактоочу саясий курал болуп калды. Ошондой эле ал Түндүк Корея Өзөктүк куралды жайылтпоо жөнүндө келишиминен 20 жыл мурда эле чыгып кеткенин эске салды.

Аны менен катар АКШнын жана союздаштарынын “акылга сыйгыс, чагымчылык” аскерий аракеттери жасалып жаткан маалда мамлекеттин коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөөгө, региондогу кырдаалды туруктуу көзөмөлдөөгө милдеттүү экенин белгиледи. Дипломат Америка тараптан коркунучтар толук жоюлмайын азыркыдай чаралар токтотулбастыгын айтты.

“Түндүк Кореянын позициясы дүйнөлүк өзөктүк державалар сыяктуу эле “акыркы жана кайталангыс”. Мамлекеттин өзөктүк куралга ээ болушу кимдир бирөөнүн кабылдоосуна муктаж эмес, ал жалпы корей элинин каалоосу менен кабыл алынган мыйзам менен бекитилген”, — деди министр.

Ошондой эле Түндүк Корея эмес, өзөктүк курал менде гана болсун деп эскиче ойлогон АКШ өзгөрүшү керектигин кошумчалады. Вашингтон эми саясий кастыктыкты толук жок кылуу, өзүнө коопсуздукту камсыздашы керектигин түшүнүшү абзел.

Последние новости