www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистанда ысык аптаптын айынан 600дөй адам каза таап, ооруканалар менен өлүкканалар толуп калды.

Би-би-си кабарлагандай, миңдеген адам ооруканага кайрылууга аргасыз болду. Көз жумгандардын көбү Пакистандын Карачи шаарынын жашоочулары.

Шаарда абанын температурасы 40 градустан ашканы, бирок болжол менен температура 49-50 градуска чейин жеткендиги айтылууда.

Тез жардам унаалары ысык урган ондогон кишилерди өлүкканаларга ташыгандыгын Эдхи фондусунун башчысы Фейсал Эдхи билдирген.

“Күнүгө Карачидеги өлүкканага 30-40 сөөк келип жатат. Акыркы алты күндүн ичинде алардын саны 568ден ашты, анын 141и шейшемби күнү эле чогултулган. Көбүнчөсү жакыр райондордун тургундары болчу”, - деди ал.

Карачидеги Жарандык оорукананын тез жардам бөлүмүнүн башчысы Имран Сарвар Шейх Associated Press агенттигине маалымдагандай, 4 күндүн ичинде 267 адам ысык өтүп кеткендиктен медициналык жардам алуу үчүн кайрылган. Кийинчерээк алардын 12си каза тапкан.

Пакистандагы мээ кайнаткан ысыкка байланыштуу жардам берүүчү атайын борборлор уюштурулду.

Метеорологдор ысык аба ырайы дагы бир жума сакталарын, андан соң температура бир аз төмөндөй тургандыгын айтышууда.

Пакистандагы ысык аптап быйыл биринчи жолу катталып жаткан жок. Өткөн айда да Карачиде температура рекорддук көрсөткүчкө жетип, 52,2 градусту көрсөткөн.

Последние новости