www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавирустун жаңы түрүнө байланыштуу чектөөлөр күчөтүлгөндөн кийин Лондондун жашоочулары шаардан массалык түрдө кете башташкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.
Маалыматка ылайык, жаңы чектөө күчүнө кире электе шаардан кетүүнү каалагандар Лондондун эң ири бекеттерине чогулушкан. Лондонду өлкөнүн башка аймактары менен байланыштырган ири трассаларда да тыгындар бар. Буга чейин Британия бийлиги өлкөдө аныкталган коронавирустун жаңы түрү кадимки вируска салыштырмалуу 70% га тез жайылат деп билдирген. Бирок кооптуулук жагынан ал мурунку түрүнөн айырмаланбайт.
Коронавирус башталгандыгына байланыштуу бир нече өлкө Улуу Британия менен транспорттук байланышын үзүштү. Белгилей кетсек, Улуу Британияда пандемия башталгандан бери 2 040 147 адам коронавирусту жуктуруп, анын 67 401и көз жумган.
Буга чейин Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон баш калаа Лондондо жана Англиянын түштүк-батышында жаңы чектөө чараларын киргизүү боюнча билдирүү жасаган. Жаңы эрежеге ылайык, адамдар эки жума бою эркин жүрө алышпайт. Дарыканалардан жана азык-түлүк дүкөндөрүнөн башка дүкөндөр же жабык болот. Адамдар үйдүн ичинде жолугушууга жана чет өлкөгө чыгууга тыюу салынат. Жаңы жыл кечеси, үй-бүлөлүк майрам, белгиленбейт.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg